super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жериндеги унаа жолдорунун абалына тезинен мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди

 
Премьер-министр Темир Сариев 5-майда каржы министри Адылбек Касымалиев, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев менен транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргыз мамлекетинин транспорт тармагында тез арада чечүү керек болгон көйгөйлөр көп. Ири магистралдык жолдордун курулушун жана оңдолушун бүтүрүшүбүз керек. Алар: Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун, Бишкек-Нарын-Торгугарт, Суусамыр-Талас-Тараз, Ош-Баткен-Исфана жолдорунун курулушу",- деди өкмөт башчы. 
Бул жолдордун курулушу сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүшү керектиги айтылды.  
Сариев транспорт жана коммуникация министрине өлкөдөгү жолдордун абалына тезинен мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди. "Оңдоого жана жаңылоого муктаж жолдордун тизмеси жакында аныкталышы керек. Облус жана район борборлорундагы жолдорго өзгөчө көңүл бурулушу шарт",- деп кошумчалады премьер. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: