super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Баткенде ашар жолу менен 30 чакырым сугат каналы тазаланды

 
Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл округдарында сугат суу каналдары ашар ыкмасы менен тазаланды. Ашар 30-апрелден 3-майга чейин болуп, ага жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу 6-майда окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Ашарга 30га жакын менчик техника катышты. Райондук администрация жана айыл өкмөттөрү элдик демилгени колдоп, катышуучулардын тамак-ашына, техникаларды күйүүчү май менен камсыз кылууга салым кошушту. Самаркандек аймагында 17, Кара-Бакта 15 чакырым канал тазаланып, оңдолду",- деп билдирет окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
06.05.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы иш жасашкан экен, өкмөттү же дагы бирөөнү качан жасап берет деп күтүп отура бербей, ушинтип демилге көтөрүп, өз алдынча аракет кылганы мактоого татыйт...
06.05.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура,алма быш оозума туш деп отура бербей,Бишкекте особняктар салынган кочону откондо кордукко эшигинин алдын дагы шыпырбай качан муниципалитеттен келип тазалап кетет деп колдоруна шал тийгенсип отурушат.
07.05.2015. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан кыргыздар чыкканго ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-05-07 10:30:28
07.05.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AbdiMitalMagamedAliBektur - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: