super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде өндүрүштүк жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштери мыйзамдуу жолго салынганы жатат

 

6-майда Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан жардыргыч заттарга байланыштуу мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан "Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды. 

Мыйзам долбоору Евразия экономикалык биримдигине кирүүнүн алкагында иштелип чыккан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоорлорунда өлкө аймагында өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери жана принциптери аныкталат. Ошондой эле мыйзам долбоору өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуунун алдын алууга багытталган.

Долбоордун өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл бөлүгүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, Ички иштер министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экономика министрлигинин ортосундагы иш-милдеттерди кайрадан чектөө каралган.

Андан сырткары жеке жактардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө уруксат берүүнү белгилеген жоболор, жардыргыч материалдарды сатып алуу, сатуу, ташуу, сактоо, колдонуу, жок кылуу жана алып коюу тартиби, ошондой эле жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу чектөөлөр аныкталууда. Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: