super.kg logo
  Саясат  

ИИМдин академиясында каза тапкан курсанттын энеси акыйкатчыга жардам сурап кайрылды

 

Акыйкатчы Турсунбек Акундун дарегине Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун жашоочусу Гүлжамал Сураналиева кайрылган. Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылган аял уулу Нурлан Ниязбаевдин өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыгына макул эместигин айткан. Анткени тергөөнүн жыйынтыгы боюнча уулу алкоголь ичимдигин ичип, өзү окуган окуу жайдын 3-кабатынан кулап, алган жаракатынан улам көз жумган деген корутунду чыгарылган. Каза болгон Нурлан ИИМдин академиясынын курсанты болчу. Жабырлануучу эненин айтымында, уулунун  өлүмүнө аталган академияда иштеген Азамат Турдалиев, Сейит Молдобаев жана курсанттар Нарынбек Сопуев менен Жусупбек уулу Кылыч күнөөлүү. 

Акыйкатчы Турсунбек Акун бул ишти жеке өзүнүн көзөмөлүнө алгандыгы жана бул иш тууралуу маалымат акыйкатчынын жылдык баяндамасына кошулуп, коомдук угууда карала тургандыгы белгилүү болду. Эскерте кетсек, аталган курсант 2012-жылдын 8-октябрында каза тапкан. Академиянын жетекчилиги Нурланды 3-кабаттан кулап түшкөнүн айтып, анын өлүмүнө академияда окуп жана иштеп жаткандардын тиешеси жоктугун билдирип келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: