super.kg logo
  Саясат  

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өлкөдө жаштар саясатын өнүктүрүү үчүн сынак жарыялады

 
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өкмөттүк эмес уюмдардын арасында "Мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндө" мыйзамга ылайык сынак жарыялайт. Сынактын темалары төмөнкүлөр:
1. Патриоттуулук, үй-бүлө мамилелери жана руханий баалуулук тууралуу мыкты социалдык роликке сынак уюштуруу. Долбоордун максималдуу бюджети 200 миң сом, ишке ашыруу мөөнөтү 2 ай.
2. Билим алуу жана кесип тандоо жаатында жаштарга түрткү берүүгө багытталган көргөзмө, жарманкелерди уюштуруу жана өткөрүү. Долбоордун бюджети 260 миң сом, ишке ашыруу мөөнөтү 2 ай.
3. Чакан жана орто бизнести түптөө боюнча айылдык жаштарга тренинг, семинарларды өткөрүү. Долбоордун максималдуу бюджети 160 миң сом, ишке ашыруу мөөнөтү 3 ай жана башка.
Жалпы 12 тема боюнча сынак жарыяланды. Документтер 2015-жылдын 5-июну, саат 17:00гө чейин Бишкек шаары, Раззаков көчөсү - 8/1 дареги боюнча кабыл алынарын аталган министрликтен 6-майда билдиришти. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: