Кыргыз мамлекетинин футбол боюнча жаштар курамасы жолдоштук оюнда өзбек футболчуларына утулуп калды



Өлкөнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы жаштар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу туруна кызуу даярдык көрүп жатат. Даярдык алкагында футболчуларыбыз кечээ, 5-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында Өзбекстандын олимпиадалык курамасына каршы жолдоштук оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, оюндун биринчи 45 мүнөттүгү 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган. Андан соң Темур Хакимов 57-мүнөттө, Никита Павленко 65-мүнөттө айырмаланып, атаандаштар жеңишти илип кетишти. Бул командалардын ортосундагы кийинки жооптук оюн бүгүн, 6-майда орун алат.
Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өтө турган жаштар арасындагы Азиянын чемпиондугунун тандоо туру 16-24-май аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы жайгашкан “В” тайпасында Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистан курамалары бар. Ал эми Өзбекстандын жаштар курамасы Жаңы Зеландияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына даярданууда.

утулсанар утулгула мейли бирок татыктуу турдо утулганды да билбейсинер дайыма 3-0 же 2-0
жок дегенде 2-1 ге утулсанар болмок
Бир баштан откон окуя мектептин жакшы ойногон балдары менен айылдын менттери ойногон болчу менттер андай кылам мындай кылам деп колу менен коргозуп отуруп акыры женди районго барып биринчиле уттурушкан андайлар коптогон жерлерде бар