Былтыр өлкөдө банк аркылуу пенсия алгандардын саны 2011-жылга салыштырмалуу 11,4 пайызга өскөн
2012-жылы пенсияны банктык карталар аркылуу төлөө үчүн 9 банк менен келишим түзүлгөн. Бул тууралуу 19-февралда маалымат жыйынында Социалдык фонддун пенсиянын төлөнүшүн талдоо жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Сабира Абдырахманова билдирди. Анын айтымында, банктар аркылуу пенсия алгандардын саны 2011-жылга салыштырмалуу 11,4 пайызга өскөн. 2011-жылы 530 миң пенсионердин ичинен 68 миң 500 пенсионер банктык систем аркылуу тейленсе, 2013-жылы 565 миң 500 пенсионердин 137 миң 500ү пенсиясын банктык карталар аркылуу алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

