super.kg logo

Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды

 

Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин жанында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Жеңишке жеткендерге гүл” деген аталышта гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чаранын ачылыш аземине Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, шаардын бийчилер топтору жана шаар тургундары катышты. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге чакан концерттик номерлер көрсөтүлүп, гвоздика гүлдөрү жана азык-түлүгү бар социалдык пакеттер берилди. 

Көргөзмө-жарманкени КРнын Гүлдөрдү өстүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү уюштурушту жана ал 9-майга чейин уланат. Жарманкеге гүлдөрдү өстүргөн 18 чарбачы катышууда, алар өсүмдүктөрдүн ар кандай түрүн сатып жатышат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: