Эртең Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапары башталат
Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков

Эртең, 7-майда президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына учуп кетет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, 7-майда өлкө башчы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылыш аземине катышат. "8-майда президент Жогорку евразиялык кеңешинин жыйынына катышат. Ошол эле күнү Жеңиш күнүнө арналган расмий эмес иш-чара өтөт. Ал эми 9-майда А.Атамбаев Москвадагы Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парадга катышат",- деди Исаков.
Мындан тышкары С.Исаков өлкө башчы менен Орусиянын президентинин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалбаганын баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

