Чүй. Байгелди айылында "Жеңишке 70 жыл" аттуу мемориалдык комплекс курулат









Кечээ, 5-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев Аламүдүн районунун Байгелди айылында "Жеңишке 70 жыл" аттуу мемориалдык комплекстин пайдубалын түптөөгө катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, комплекстин курулушу "Тилекмат аке" фонду тарабынан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата, фашизмге каршы ата-бабалардын эрдигин түбөлүккө сактоого жана өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоо максатында демилгеленген.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан айыл өкмөтүнө берилген 76 миллиметрлик ЗИС-3 талаа пушкасы комплексте Улуу Жеңиштин жана советтик кыргыз жоокерлеринин баатырдыгынын символу болуп калмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.