Ош. Дин кызматкерлери менен дарыгерлер эмдөө боюнча талкуу өткөрүп жатышат





Бүгүн, 6-майда Ош облусунда түштүк аймактын дин кызматкерлери үчүн “Ислам дининин иммунизацияга болгон көз карашы” аттуу семинар өтүүдө. Муну Ош облустук казыятынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, семинарга муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов, облустук казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Абдыжапар Жакыпов жана “Мутакаллим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.
Аталган семинарда Ош аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери жарандарды кызамык жана кызылча оорусуна каршы улуттук эмдөө жөнүндө айтып беришти. Мындан сырткары түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алууда колдонулуучу вакциналардын курамындагы элементтер туурасында кеңири түшүндүрмө берилди. Дарыгерлердин айтымында, вакцина эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондуктан 12-майдан 23-майга чейин 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандардын эмдөөгө массалык катышуусу чоң мааниге ээ.
Ал эми муфтияттын бөлүм башчысы Аким ажы Эргешов ислам дининде мусулмандын өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү, зыяндан, оору-сыркоодон сактануусу жана этияттык чараларын көрүүсү акыл-эстүүлүк деп эсептелерин билдирди.





1 |