super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште кыргыз мамлекетинин Евразия экономикалык биримдигине кошулушу жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтому каралды

 

6-майда Жогорку Кеңеште өкмөттүн өтүнүчү менен 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу жөнүндө келишимдин алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорунун кезектеги токтому каралды. Долбоор улуттук мыйзамдарды Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө багытталган. Жыйынтыгында депутаттар дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберишти. Топтомдогу мыйзам долбоорлору төмөнкүлөр:

- “Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга);

- “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.

Ал эми “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча талкуу кийинчерээк улантылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: