super.kg logo

Оштогу мектептерде согуштун ардагерлери менен окуучулардын жолугушуулары уюшулууда

 

Бүгүн, 6-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата шаардагы №41-мектепте согуштун ардагерлери менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер Хамиджан Махмудов жана Умаржан Ахмаджановдор кандуу согуш майданындагы баштарынан өткөргөн окуяларын айтып, жаштарга акыл-насаат сөздөрүн, жакшы тилектерин билдиришти.

Кечеде мектептин таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган “Болочок жоокер обон созот” аттуу чакан концерттик программа тартууланды. Окуучулар согуштук драмалардан эпизоддорду көрсөтүп, мекен ырларын аткарып, бий бийлешип, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов ардагерлердин согушта көрсөткөн баатырдыгын, ооруктагы күжүрмөн эмгегин баса белгилеп: “Канчалаган муун сиздер жасаган эрдик менен өсүп, тарбияланып келе жатат. Тынчтык үчүн, мекен үчүн кандуу согуштагы эрдигиңиздерди эч качан унутпай, тарбиялап жаткан окуучуларыбызга дайыма жеткире беребиз”,- деди.

Аталган жолугушууга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, аймактык кеңештин жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: