Баткен. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин ардагерлеринен турган автожүрүш өттү











Баткен облусунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Ички иштер министрлигинин ардагерлеринен турган автожүрүш өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев жана анын орун басары, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын ардагерлер кеңешинин төрагалары катышты. Жүрүштүн катышуучулары Кызыл-Кыя ШИИБин, Кадамжай РИИБин, Лейлек жана Сүлүктү район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып, облус аймагында кызмат учурунда каза болгон ИИМдин 11 кызматкеринин арбагына куран окуп, гүл коюшту. Муну менен катар ардагерлер Тажикстандын Согдий ОИИБинин жетекчисинин орун басары Хатам Додобаев менен жолугушуп, Худжанд шаарындагы Тарых музейине, Арбоб музейине барышты. Кыргыз жергесинен келген конокторго Тажик Республикасынын ардагерлери ыраазычылыктарын билдирип, мындан ары ушундай жолугушууларды квартал сайын өткөрүп турууну сунуш кылышты.

