super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш "Такси" белгиси жок иштеген таксисттерди 3-10 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди

 
Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйынында такси кызматынын ишмердүүлүгүн тартипке салууга багытталган мыйзамды жактырды. Долбоорго 80 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берди.

Документке ылайык, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоо белгилеринин жок болгону үчүн айдоочуга 3000 сомдон 10 миң сомго чейин администрациялык айып салынат (физикалык жактарга 3 миң сом, кызматтык адамдарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом).

Мындан тышкары эл аралык жана шаарлар аралык ташуу жеңил такси аркылуу унаа бекеттеринин же унаа станцияларынын аймагынан жүргүзүлбөсө, айдоочуга 3000 сомдон 10 миң сомго чейин администрациялык айып каралды (физикалык жактарга 3 миң сом, кызматтык адамдарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: