super.kg logo
  Спорт  

Токмок шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

 
Бүгүн, 7-майда Токмок шаарында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги старт алат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.
Анын айтымында, мелдеш Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, улуттук кураманы түзүү максатында уюшулууда. "Өлкөнүн бардык аймактарында бул спорт түрүн жайылтуу максатында бул жолу мелдешти Токмок шаарында уюштуруп жатабыз. Мелдештин жыйынтыгына карап улуттук кураманы түзөбүз. Алдыда Азия чемпиондугу жана Дүйнө чемпиондугу бар",- деди У.Молдодосов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: