Казакстанда 17 кыргыз жаранынын өмүрүн алган жол кырсыгы: Тек-жайы белгисиз болуп жаткан жаран Баткен облусунун тургуну болуп чыкты

Казакстанда жол кырсыгында каза болуп, тек-жайы белгисиз болуп жаткан жаран Баткен облусундагы Кадамжай районунун 1965-жылы туулган Мамасали Холмурзаев аттуу тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу 6-майда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, Холмурзаевдин сөөгүн бүгүн туугандары Казакстандан өз үйүнө алып келе жатышат. "Каза болгондордун биринин өздүгү такталбай жаткан. Ал эми Холмурзаевдин туугандары ал кырсык болгон күнү Орусияга барып иштөө үчүн кыргыз жеринен чыгып кеткенин айтып, "ошондон бери дайынсыз, бул жаран Холмурзаев болушу мүмкүн" деп, аны таануу аракетин кылып жүрүшкөн. Мүмкүн, кийимдеринен таанышкандыр. Учурда сөөктү алып Казакстандын Кордай районунда келе жатышыптыр",- деди Бекилов.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн 15 жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде кыргыз мамлекетинин 19 жараны болгон. Ал эми биринде казак жараны болгон. Кырсыктан жаракат алгандар Казакстандын ооруканаларына жаткырылышкан. Андан кийин ооруканадагылардын үчөөсү каза болуп, каза болгондордун саны 18ге жеткен (Газель-2705 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу - казак жаранын кошкондо). Учурда жаракат алгандардын экөөсү Бишкектеги ооруканаларда дарыланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Qnet

07.05.2015. 00:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кааап ажал экен да...
bema_bema

07.05.2015. 03:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий жаткан жери жайлуу болсун,менин кошинам дагы бар экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.