super.kg logo

"Толук метр" тасмасында экс-президенттер, саясатчылар жана эстрада жылдыздары тамашага алынышат

 
Башкы каарман эки досу менен Түндүкия жана Түштүкия деп экиге бөлүнгөн өлкөнү бириктирүү жолдорун ойлонуп жатышат.
Түндүкиядан Түштүкияга жөнөгөндө башкы каармандар ар кандай кызыктуу окуяларга туш болушат.
Түндүкиядан Түштүкияга жөнөгөндө башкы каармандар ар кандай кызыктуу окуяларга кабылышат.
Түштүкияда каармандардын камакка да отурган учуру болот.
Түштүкиянын президенти жан сакчылары менен
Түндүкия жана Түштүкиянын президенттери
Түндүкия жана Түштүкиянын президенттери
"Толук метр" мульттасмасын жараткан команда жана көрсөтүүгө келген шоу-бизнестин өкүлдөрү

Бүгүн, 6-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде патриоттук комедия жанрында тартылган “Толук метр” мульттасмасын жабык көрсөтүү өттү. Иш-чарага чыгарманын автору Ниязбек Абазганов баштаган команда, кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү жана журналисттер келишти. 

Мульттасманын сюжетине ылайык, 2020-жылдагы окуя чагылдырылып, анда Кыргыз Республикасы Түндүкия жана Түштүкия болуп эки мамлекетке бөлүнгөн болот. Башкы каарман - белгилүү тележурналист бул эки мамлекетти бириктирүү максатында эки досу менен Түндүкиядан Түштүкияга жөнөп, ар кандай күлкүлүү окуяларга туш болушат. Тасмада эки мамлекеттин өз алдынча президенттери болот, ал эми эки аймактын тургундары бири-бирин душман катары көрүшөт. Бирок буга карабастан, каармандар алдоо жолу менен Түштүкиянын аймагына тоскоолдуксуз өтүп, жергиликтүү элдин көз караштары менен таанышышат.

Мындан тышкары мульттасмада кыргыз эстрадасынын жылдыздары ОмарАрсен, Нурлан Насип, Мирбек Атабеков, саясатчылар, коомдук ишмерлер, өлкөнүн мурдагы жана учурдагы президенттери тамашага алынышат.

Автордун айтымында, бул тасма бир жылда тартылган. "Башында анын узактыгы 1,5 саатка жакын болгон, бирок айрым бөлүктөрүн кескен соң, жыйынтыгында 1 саатка барабар болуп калды. "Толук метрдин" уландысын тартууну дагы ойлонуштуруп көрөм",- деди Абазганов. Тасма экиге бөлүнүүнүн алдын алууга багытталган. 

Айта кетсек, “Толук метр” мульттасмасы 30-апрелден тарта өлкөдөгү кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(1)
07.05.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысын тартууну ойлонбой эле койсо болот. Муктаж эмеспиз мындай тасмага (жеке мен). Комедия жанры, патриоттук дегени да жакпады, "Кыргызстан экиге бөлүнгөн мамлекет болот", "Түндүкия, Түштүкия" деп берүүнүн өзү патриоттукка жатпайт жана комедия эмес деп эсептейм (тасманы көргөн жокмун, бирок кыскача сюжетинен, ичиндеги сөздөрүнөн эле жакпай калды, балким, эрте жыйынтык чыгарып жаткандырмын, бирок ушинтип бергенин туура эмес дейм).
Мэри түзөттү 2015-05-07 12:58:58
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: