Балбан Айсулуу Тыныбекова финалда утулуп, Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды



Айсулуу Тыныбекова сыйлыгын алууда.

57 килограмм салмактагы балбандарды салтанаттуу сыйлоо аземи. Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу солдон оңго карай биринчи турат.

57 килограмм салмактагы балбандарды салтанаттуу сыйлоо аземи. Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу солдон оңго карай биринчи турат.
6-майда Катардын Доха шаарында күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) Азия чемпиондугу старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө 5 салмак категориясында чемпиондор аныкталды. Кубандырганы - бул күнү кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, алгачкы медалды Айсулуу Тыныбекова утту. Ал 58 килограмм салмакта финалга чыгып, Япониянын өкүлү, акыркы 3 Олимпиада оюндарынын чемпиону Каори Ичого каршы турду. Анда алгачкы 3 мүнөттө япониялык спортчу 10 упай алып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. А.Тыныбекова күмүш медаль тагынды.
Алтын медалды уландар арасында 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев багындырды. Дагы бир күмүш медалды 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу өз эсебине жаза алды. Спортчу финалда Монголиянын өкүлү Эрденебат Бехбаярга каршы туруп, утулуп калды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Dadasdasd

07.05.2015. 05:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой аззамат. Келечек алдыда.
ulan_rysbaev

07.05.2015. 05:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Финалга чыгуунун озу эле жениш эмеспи! Япония эли да айтып журот ар дайым. Кыргызстан мындай эле мамлекет эмес экенин. Атак барго... Азамат Айсулуу!
kama_future_millioner

07.05.2015. 08:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуубуз дайым күмүшкөө жетет бул да болсо жетишкендик бир күн бул кызыбыздаа алтын алып келет
beka88

07.05.2015. 09:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик Айсулуу шугур ушул жагына да!!!
abai

07.05.2015. 21:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Raxmat! silerge myndandA jakwy iygilik jaratkyla
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.