Кыргыз жериндеги 1141 ардагерге мааракелик медаль берилет

Кыргыз жериндеги Улуу Ата Мекендик согуштун 1141 ардагерине мааракелик медаль берилет. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 25-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тиешелүү чечиминин негизинде кол койгонун 7-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Мааракелик медалдарды тапшырууну уюштуруу милдети өкмөткө жүктөлгөн.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, мамлекет башчы 6-майда "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл" мааракелик медалдарды Орусиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтчү Жеңиш парадына катышууга жөнөп кеткен 13 ардагерге тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

