super.kg logo

Жалал-Абад. Жоокердик жана спорттук өнөр көрсөтүү боюнча мелдеш болуп өттү

 

6-майда Жалал-Абад шаарында “Мыктыгер” деген аталышта аскердик-спорттук жана маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара улуттар аралык биримдикти чыңдоого, өспүрүмдөрдү сергек жашоого, мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоого багытталган. Анда ИИМдин атайын багыттагы полкунун тактикалык машыгуусу, машыгуу ыкмалары, куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандырып, барымтадагыларды куткаруу боюнча тактикалык көрсөтмө, жаш спортчулар тарабынан спорттук көнүгүүлөрдүн элементтери көрсөтүлдү.  

Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашкандай, жалпысынан иш-чарага облустан 11 команда катышып, команданын курамы 15 улан, 10 кыздан түзүлүп, аскердик-спорттук мелдеш аябагандай кызыктуу жана татаал тапшырмалар менен коштолду. Былтыр өткөрүлгөн иш-чарадан айырмаланып быйыл тоскоолдук талаасы 1,5 чакырым узартылып, бир катар татаалдаштырылган тоскоолдук-сыноолор, башкача айтканда, 80 метрге чукул сууну кечип өтүү, тик жардан аркан менен түшүү бөлүкчөлөрү кошулган.   

Иш-чаранын жыйынтыгында 1-орунду "Майлуу-Суу" командасы багындырса, 2-орунду "Таш-Көмүр", ал эми 3-орунду "Жалал-Абад" командасы ээледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: