Республикалык өзүнчө куткаруу отряды Баткен окуясынын катышуучуларын сыйлады




















Кечээ, 6-май күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отряды Баткен коогалаңынын Ош облусундагы катышуучуларына эскерүү иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын демилгеси менен өткөрүлүп, Баткен ардагерлеринин урматына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен окуяларына катышкан аскер кызматкерлерине арналган. Анда патриоттук темадагы ырлар жаңырып, катышуучуларга талаа ашканасынан аскер тамагы берилди.
Расмий маалыматтар боюнча, Баткен коогалаңына 5780 аскер кызматкери катышкан, алардын 76сы каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.