super.kg logo

Бишкектеги таштанды таштоочу жайда иштеген кызматкерлер жетекчилигине каршы нааразычылык акциясына чыгууга даяр

 

“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жетекчилигине каршы нааразычылык акциясына чыгууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда SUPER.KG порталына аталган ишканада жөндөөчү болуп иштеген Алтынбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, жетекчилик атайылап муниципалдык мекемени банкрот кылууга кызыкдар.

Жалпы жамаат биздин жетекчи Алыбек Апасовдун кылган жумушуна нааразы. Ал ишкананын карамагындагы токтоп турган 3 тракторду оңдоп иштеткендин ордуна саатына 4 миң сомдон төлөп жеке компаниялардын кызыкчылыгын ойлоодо. Бул жерде коррупциялык схема өнүгүп жаткандыгы айдан ачык. Экинчиден, полигондо өрт чыгып, кара түтүн бүгүнкү күнгө чейин токтой элек. Жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча суусуна да таштандылар түшүп, экология жабыркап жатат. Мындай жумуштун чаржайыт жана мыйзамсыз жүрүп жаткандыгын биз болгон органдарды чакырып көрсөттүк, бирок эч кандай чара көрүлө элек. Жетекчиликке айтсак, “менин мэрияда адамым бар, силердин колуңардан эч нерсе келбейт” деп кайра бизди коркутат”,- деди Алымкулов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.05.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошондой жетекчини ошол жерге аркандаш керек зыян экенин элге ошондо билсе керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: