Депутаттар кыргыз жериндеги Советтер Союзунун Баатырларынын санынын ар түрдүү айтылып жатканына нааразы
Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутаттар кыргыз жериндеги Советтер Союзунун Баатырларынын санынын ар түрдүү айтылып жатканына нааразычылык билдиришти. Депутат Курмантай Абдиев расмий иш-чаралардын бириндеги көрүнүштү мисал келтирди.
Автор: Автандил Добулбеков
"Жакында Мамлекеттик тарых музейинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Анда биринчи чыгып сүйлөгөн адам "кыргыз жеринде Советтер Союзунун 71 Баатыры бар" деп билдирди. Экинчи чыгып сүйлөгөн адам "өлкөбүздө Советтер Союзунун 76 Баатыры бар" деди. Тийиштүү органдарга тапшырма берип, муну тактап коюшубуз керек. Адашпасам 73 баатыр бар",- дейт депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 73 баатыр бар экенин, расмий так маалымат берүү боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берилерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

