Сайдулла Нышанов Ош-Бишкек жолунун Суусамырдагы бөлүгү оңдоого муктаж экенин айтты
Парламенттин 7-майдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Бишкек-Ош трассасынын Суусамырдагы бөлүгү оңдоого муктаж экенин билдирди. "Кышы менен кар алдында жаткан жолдун кээ бир жерлери тешилип калыптыр. Жолдогу чуңкурга түшүп кетип унаасы бузулган 3-4 айдоочуну көрдүм. Суусамырдагы жолду тезинен оңдоо керек, анткени бул жол өлкөбүздүн жарандары үчүн абдан маанилүү. Миңдеген жарандар ушул жол аркылуу көптөгөн иштерин бүтүрүп жатышат",- дейт депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, 5-майда премьер-министр Темир Сариев транспорт жана коммуникация министрине өлкөдөгү жолдордун абалына тезинен мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

