super.kg logo
  Саясат  

Ташполот Балтабаев: "Өкмөт алмашкан сайын бир министрдин улам-улам ант берүүсү туура эмес"

 
Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев өкмөт мүчөлөрүнүн бир нече жолу ант берүүсүнө нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, бир министр бир гана жолу ант бериши керек. 
"Кечээ өкмөттүн курамы ант берди. Өкмөт мүчөлөрүнүн көбү буга чейин да ант беришкен. Айрымдары 5 жолу ант беришти. Ант бир эле жолу берилип, аткарылышы керек. Регламентте мындай норманы белгилеп коюшубуз кажет",- деп сунуштады Балтабаев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 6-майдагы жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев жана өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: