super.kg logo
  Саясат  

Аравандагы мал уурулуктун күчөшү Жогорку Кеңеште айтылды

 
Араван районундагы Керкидан айылынан акыркы 2 айда 28 уй, 50дөй кой жана 4 жылкы уурдалды. Муну парламенттин 7-майдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирип, кыргыз мамлекетинин Чек ара кызматы шалаакылык кылып жатканын айтты. 
"Бул айылда мал уурулук абдан күчөдү. Уурулар келип малды сарайдан алып кетишүүдө. Уурдалган малдар Өзбекстандын аймагына киргизилип кетүүдө. Мына биздин Чек ара кызматынын иштегени. Өзбекстандын чек арачылары өздөрү жакка кумурска өткөрбөйт, биздики болсо ачык. Уурулар үйүбүзгө чейин кирип барышууда. Коргоо жана коопсуздук комитети 2012-жылы аталган аймакка чек ара мунарасы, тосмолор коюлсун деп чечим кабыл алган, бирок дагы эле аткарыла элек",- дейт депутат. 
Эскерте кетсек, Араванда мал уурулук күчөгөнүн, милициянын ишинен жыйынтык чыкпай жатканын апрель айында окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирген эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: