super.kg logo

Оштогу мугалимдер үчүн бир канча темалар боюнча семинар өтүүдө

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу “Кыргыз-түрк достугу” атындагы таланттуу балдар мектебинде чыгаан педагог Гапыр Мадаминов мугалимдерге “Билим сапатын көтөрүүнүн жолдору”, “Акыл маданиятынын эмгеги”, “Мугалимдин устаттыгы” жана “Энелер мектебин түзүүнүн жолдору” деген темаларда семинар өтүп, өзүнүн иш тажрыйбасы жөнүндө кеңири баяндап берди.

Иш-чаранын демилгечиси, аталган мектептин директору Мелисбек Музулманов“Айыл жеринде гимназия мектебин түзүүгө жетишкен агайдын өнөрү бардык мектеп мугалимдерине, айрыкча бизге окшогон жаш кесиптештерге үлгү боло алат. Анан да балдары менен кошо энелерин окутуп, өспүрүмдөрдүн тарбиясын жолго коюуга жетишкендиги биздин класс жетекчилер үчүн жакшы сабак болду. Биз агайдын педагогикалык ишмердүүлүгүн колдонууну жайылтышыбыз керек”,- деп билдирди.  

Эске салсак, Гапыр Мадаминов жетектеген Баткендеги №3-гимназиянын 2014-жылы бүткөн 26 бүтүрүүчүсүнүн 100 пайызы жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына өткөн. Учурда гимназияда 150 окуучу окуйт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: