super.kg logo
  Саясат  

Түркмөнстандын президенти кыргыз мамлекетинин элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

 
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз мамлекетинин элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу 7-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

“Түркмөнстан элинин жана өкмөтүнүн атынан, ошондой эле өзүмдүн атымдан сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктоомду жолдойм. Сиз өлкөңүздү мындан ары өнүктүрүү жана гүлдөтүү боюнча алдыга коюлган маселелерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар дайым ден соолукта, күч-кубаттуу болушуңузду каалайм”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бердымухамедов согуштун ардагерлерине жана достук мамиледеги кыргыз мамлекетинин элине ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: