super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Кийинки муунга өнүккөн кыргыз мамлекетин берүүгө милдеттүүбүз"

 
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мекендештерди 9-Май - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу кыргыз мамлекетинин жарандары! 
Ардактуу ардагерлер!

2015-жылдын 9-майы - бул маанилүү тарыхый күндү 20-кылымдын "чумасы" аталган фашизм менен болгон күрөштөгү жеңиштин 70 жылдыгын бүткүл прогрессивдүү адамзаты белгилеп жатат. Жеңиш майрамы - ар бир адамга, өзгөчө мурунку СССРдин жашоочуларына кымбат жана ыйык. Биздин өлкөбүздүн жана элдердин эркиндиги, жаркын келечеги үчүн мекенин жеке жашоосу, керт башы менен коргогон баатырлардын эрдиктери эч качан унутулбайт, биз аларга тизе бүгүп таазим кылабыз.

Ысык-суукка, ачкачылыкка карабай жеңиш үчүн күчүн аябаган ооруктун эмгекчилерине биз чексиз ыраазыбыз.

Ардагерлербизди жаш муундарды тарбиялоодогу акылман кеңеши үчүн кадырлап-сыйлайбыз. Алардын камкордукта жашоосу жана жыргалчылыкка бөлөнүүсү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап, өзгөчө көңүл буруубуз зарыл.

Өзүбүздүн талбаган эмгегибиз менен чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын үмүт-тилегин актап, өз тарыхыбызды бурмалоосуз сактап калуубуз керек, алардын атактуу эрдиктеринин таасири менен өсүп келе жаткан жаңы муунга татыктуу тарбия берүүбүз абзел.

Бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө, болочок муундарга өнүккөн, эркин, демократиялуу жана күчтүү кыргыз мамлекетин берүүгө милдеттүүбүз, анткени биздин ата-бабаларыбыздын эрдиктери бизди дайыма коштоп, күнүмдүк ишибизде шыктандырып турат.

Жеңиш майрамыңыздар менен! Баарыңыздарга тынчтык, жакшылык жана бакты-таалай каалайм!"


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.05.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондой кылгыла эртереек откоруп берсенер да силерге эч ким капа болбойт.
08.05.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurmuhammad.,ха ха
08.05.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmuhammad., tuura kapa 4upo bolboit elek deniz:)))
08.05.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйлой бербей онуктуруш керек.
08.05.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа оа тура айтасыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: