super.kg logo
  Спорт  

Башкы машыктыруучу: "Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу Дүйнө чемпиондугуна 9 мушкер даярдап жатабыз"

 
Быйыл Катар мамлекетинин Доха шаарында бокс боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул мелдешке катышуу үчүн 9 кыргыз мушкери даярданат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди. 
Анын айтымында, Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мурункуга караганда бир топ эле татаалдашып кетти. "Дохада өтө турган Дүйнө чемпиондугунда 10 салмакта медалдар ойнотулат. 49 килограмм салмакта жана 91 килограмм салмакта алдынкы 2 орунду, калган 8 салмакта алдынкы 3 орунду алган мушкерлерге жолдомо ыйгарылат. Биздин курамда 91 килограммдан жогорку салмактагы мушкер жок. Демек, 9 салмакта бирден мушкер алып барабыз. Учурда атайын программанын негизинде эл аралык сборлорду өткөрүп, мелдештерге катышып жатабыз",- деди А.Бекболотов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: