super.kg logo
  Саясат  

Москва шаарынын арбитраждык соту кыргыз өкмөтүн Кореянын Ли Жон Бэк аттуу жаранына 22,5 миллион доллар төлөтүп берүү боюнча чечимди жокко чыгарды

 

Москва шаарынын арбитраждык соту кыргыз өкмөтүн Түштүк Кореянын ишкери, “Борбор азиялык корпорациянын” жетекчиси Ли Жон Бэкке 22,5 миллион доллар төлөтүп берүү боюнча Москванын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитраждык сотунун 2013-жылдагы чечимин жокко чыгарды. Мындай чечимди Москва шаардык соту кечээ, 6-майда кабыл алганын өкмөттөн билдиришти.  

Эгерде экинчи тарап арызданбаса, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө 30 күндөн кийин кирет.  

Айта кетсек, Ли Жон Бэкке 2013-жылдын 13-ноябрында Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги тарабынан ага 93 жылга ижарага берилген 18 гектар жер кайра тартылып алынганы боюнча доо коюп, Москвадагы Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитражга берип, утуп алган. Арбитраж кыргыз өкмөтүн түштүк кореялык ишкердин пайдасына 22,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ага ылайык, өкмөт аталган сумманы төлөп бериши керек болчу, бирок өкмөт бул чечимге макул болбой, Москва шаарынын арбитраждык сотуна кайрылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: