super.kg logo

Шаардык таштанды таштоочу жайдан сарыгып чыккан суулар Төмөнкү Ала-Арча суусуна агып кирүүдө

 
Бузук тракторлор
“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык мекемесинде иштеген Дуулат Садыров
Шаардык таштанды таштоочу жайдын жанында жайгашкан конуштарды түтүн каптап турат.
"Чогулган азык-түлүк таштандылары иш жүзүндө жер астына көмүлүшү керек",- дейт Садыров.
Көздү ачыштырган түтүн жана жагымсыз жыт дем алууну оорлотот экен.
"Сарыккан суулар ушул түтөгөн "тоолордон" түшөт",- дейт Садыров.
Сарыккан суулар
Таштандылар Төмөнкү Ала-Арча каналынан өтө алыс эмес жайгашкан.
Таштанды таштоочу жайдын ичинде чочколор багылат экен.
Таштанды таштоочу жайдын ичинде чочколор багылат экен.

SUPER.KG порталынын журналисти Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайда болуп кайтты. “Бишкек санитардык полигонунун” карамагындагы бул жайда иштеген Дуулат Садыровдун айтымында, Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайында акыр-чикирлер бир жерде күйүп, бир жерде чирип, башка жеринде сарыккан суу чыгып, анысы Төмөнкү Ала-Арча суусуна кошулууда.

Бул суу менен көптөгөн жерлер сугарылат, анан биз ошол ууланган жашылча-жемиштерди жейбизби? Бизде патриоттук сезимдер ойгонуп, силерге бул маселени айталы деп чечтик. Мурда бул сууларды сордуруп салчу элек. Азыр болсо бул жерде “Тазалыктын” ишканасынын ордуна “Бишкек санитардык полигону” деп аталган ишкана иштеп, Алыбек Апасов жетекчи болуп келген. Ал кызматка келгенден бери иш оңунан чыкпай калды. Биздин техника бузулуп, оңдолбой жатат. Жеке ишканаларды кээде жалдап, аларга саатына 2,5 миңден 4 миң сомго чейин каражат төлөйт. Ал акча андан көрө биздин тракторлордун тетиктерин алмаштырууга берилсе алда канча пайдалуу болмок”,- дейт кызматкер.

Дуулат Садыровдун айтымында, аларга айлыктар кечиктирилип берилет.

Айлыктарыбыз 10 миң сом, ошону да кечиктирип беришет. Бул жакта иштегендердин баарынын насыяга алган каражаттары бар. Насыя төлөө үчүн аванс сурасак, жетекчи дароо “акча жок” деп жооп берет”,- деди Садыров. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
07.05.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фууу жаман жыттанат го
07.05.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тан калычтуу емес же болбосо конуп калганбыз желкесинен суйроп келипда тазалата албайбыз
07.05.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле торт жаны трактор алып бере албайт .канча адамга зыяны тийип жатпайбы
07.05.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

modem4999 түзөттү 07.05.2015 15:35
07.05.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
modem4999 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: