super.kg logo
  Саясат  

Азербайжандын президенти: "Элдерибиздин достугу мындан ары да эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот"

 

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев 7-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

“Каардуу согуш жылдары майданда жана оорукта көрсөтүлгөн улуу эрдик, кажыбас кайрат, эбегейсиз баатырдык элдерибиздин тарыхына түбөлүккө жазылып калды. 9-Май - Жеңиш күнү чынында эле баарыбызды бириктирген тарыхый маанилүү окуя болуп саналат. Ошол катаал жылдардын сыноолорунан өткөн элдерибиздин достугу, ажырагыс биримдиги мындан ары да Азербайжан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенишүүнү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот деп ишенем”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Алиев президент Атамбаевге, согуштун жана ооруктун ардагерлерине, ошондой эле кыргыз мамлекетинин элине бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: