super.kg logo

Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин Минск шаарындагы эстелигине гүл коюлду

 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин Беларустун Минск шаарындагы эстелигине гүл коюлду. Ага кыргыз мамлекетинин Беларустагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Талант Султанов, Армения, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия мамлекеттеринин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Талант Султанов өз сөзүндө Асаналиевдин эрдигин кыргыз жана беларусь эли эч качан унутпай турганын айтты.

Жумаш Асаналиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында 1923-жылы туулган. Ал 1942- жылы аскерге чакырылып, 1-Балтика фронтунун 6-гвардиялык армиясынын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-полкунун пулемётчусу болгон. 1944-жылдын 24-июнунда Белоруссиянын Батыш Двина дарыясы аркылуу Лабейка айылынын тушунда пулемёту менен фашисттерди артка кайтарган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
07.05.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумаш атага таазим. Биздин сыймык.
07.05.2015. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таазим кылабыз

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: