Чек арачылардын Жеңиш эстафетасы Тажикстанга өткөрүлүп берилди






Кыргыз чек арачылары бүгүн, 7-майда Жеңиш эстафетасын Тажикстанга өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чара кыргыз-тажик чегиндеги “Бор-Дөбө” өткөрмө пунктунда орун алды.
Эстафета Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы чек араларын бойлой өтүүдө жана анын жүрүшү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган.
Айта кетсек, Жеңиш эстафетасын кыргыз чек арачылары казак кесиптештеринен 2-майда өткөрүп алышкан. Эстафета 28-майда Орусиянын Москва шаарында жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.