super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Улуу Ата Мекендик согушта атылган ар бир бешинчи ок кыргыз жеринен казылган коргошундан жасалган"

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 7-майда Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери менен жолугушту. 

“Сиздердин каармандыгыңыздар менен адамзаты фашисттик кара тумоодон сакталып калды. Биз сиздерден үлгү алып чоңойдук, бизди сиздердин кадамдарыңыздар шыктандырып келди. Бүгүнкү күндө бизге ошол сиздер жеңишке жетишкенге шарт түзгөн жана бизге тынчтыкты, бактылуу турмушту тартуулаган патриоттуулук дух, интернационализм керек”,- деп билдирди спикер.

Парламент жетекчиси 300 миңден ашуун кыргыз мамлекетинин жарандары фронтко кетишкенин, алардын 100 миңден ашууну согуштан кайтпай калганын белгиледи. "Кыргыз өлкөсүнүн 73 жараны "Советтер Союзунун Баатыры" деген жогорку наам алса, 34ү Даңк орденинин толук кавалери болгон. Согушта атылган ар бир бешинчи ок кыргыз жеринен казылып алынган коргошундан куюлган. Ар бир үчүнчү снаряд кыргыз калайынан жасалган”,- деп кошумчалады Жээнбеков. 

Ардагерлерге гүл жана белектер тапшырылганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: