Темир Сариев радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 7-майда радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу байланышчылар жана маалыматташтыруу тармагынын кызматкерлери!
Кымбаттуу ардагерлер!
Өкмөт мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан байланыш тармагынын жалпы кызматкерлерин – телеберүүнүн, радиоберүүнүн кызматкерлерин жана байланышчыларды бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Быйыл көрүнүктүү окумуштуу Александр Степанович Попов алгачкы жолу радиобайланыш сеансын көрсөткөн күнүнө 120 жыл толот. Бул окуя коомдун өнүгүшүнө зор салым кошуп, адамзаттын тарыхында жаңы телекоммуникациялык доордун башталышын белгиледи. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы байланышчылардын жана радионун аткарган кызматын ашыра баалоо кыйын. Дал ушул радио Улуу Жеңиш жөнүндө кубанычтуу кабар угузду. Бул күндөрү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын согуш азабынан куткарылган бүткүл дүйнө белгилеп жатат.
Учурдан пайдаланып, мен ата мекендик байланыштын башатында турган, аталган тармактын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон жана өз өмүрүн Кыргыз Республикасындагы байланыштын өнүгүшүнө арнаган ардагерлерге өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Кыргыз Республикасынын байланышчыларынын бир топ муунунун кажыбас эмгегинин натыйжасында республиканын бардык аймактарында бирдиктүү заманбап коммуникациялык тутумга бириктирген, уникалдуу, тармакталган желеси түзүлгөн.
Кыргыз Республикасы үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү болуп бул тармактын заманбап талаптарга ылайыктуу толук кандуу жана татыктуу түрдө алга карай жылуусу эсептелет. Бул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн келечектүү маселеси катары телекоммуникациялык тармактын натыйжалуу өнүгүүсү жана өлкөбүздүн бардык аймактарындагы жарандарды байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү эсептелет.
Ошону менен бирге, жетишилген ийгиликтерге карабастан, тармактын алдында маалыматтык-коммуникациялык коомдун атаандаштыкка жарамдуу заманбап инфратүзүмүн түзүү маселеси турат. Жаш адистердин кесипкөйлүүлүгү менен демилгеси жана мурда иштеп кеткендердин калтырган эң мыкты салттары ийгиликтерди толуктоого жана коюлган максаттарды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөрүнө толук ишенем.
Тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм! Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай, ийгилик жана кесиптеги зор жетишкендиктерди каалайм!"

