ЭЛДИК КАБАР: Ошто өкмөт башчынын келишин күтүп отурган бир ардагер менен окуучу кыз эс-учун жоготуп кулап калышты



Бүгүн, 7-майда Ош шаарында өкмөт башчы Темир Сариевдин келишин күтүп отурган бир ардагер менен окуучу кыз эс-учун жоготуп кулап калышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгонун айткан окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, алар күндүн ысыктыгынан улам эс-учтарын жоготуп коюшкан. "Алгач аксакал ардагер эс-учун жоготуп, ага жардам көрсөтүлүп, өзүнө келип калган. Андан кийин да өкмөт башчынын келишин күтүп, тизилип турган кыздардын бири кулап, ага да дароо медициналык жардам берилди",- деди окурман.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
0

Келинди келгенде эмес,келирге сына, -дейтко. Королучу мунусу эмне иш кылат экен.
берки кутуп атканда адамдар суусап болбой калды да
кутуп тура берип ысыка чыдабай анан кулап тушушту да