Нарында ордо оюну боюнча облус башчынын кубогуна арналган мелдеш болуп өттү




Нарын шаарында ордо оюну боюнча облус башчынын кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мелдешке бир катар айылдардан келген 10 команда катышты. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, финалга чыккан 3 команда байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштү: 1-орунду Жалгыз-Терек айылынын командасы ээлесе, 2-орунду Кара-Чий айылынын командасы багындырды. Ал эми Оттук айылынан чогулган команда 3-орунга илинди. Жеңүүчү командага 12 миң сом каражат тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.