Жалал-Абад. Жеңиш күнүн белгилөө алдында жаштар шаарды тазалап чыгышат
8-май күнү Жалал-Абад шаарында студенттердин катышуусунда шаарды тазалоого багытталган акция өтөт. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алдында шаарды тазалоо максатында өтүп жаткан иш-чара “Курорт" санаториясынан башталып, "Эркиндик" аянтына чейин уланат.
Шаардык мэриядан кабарлашкандай, мэрия тарабынан акциянын уюшулуусуна керектүү жабдыктар, мээлейлер, баштыктар менен камсыздоо үчүн 3700 сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери акцияга катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.