super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Өтө жакынкы аралыкта Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча документтерге кол коём"

 

"Өтө жакынкы аралыкта Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча документтерге кол коём",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы бул тууралуу 7-майда Москва облусунун Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун бюстун ачуу учурунда айтканын Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Биздин чоң аталарыбыз согуш жылдарында бири-бирине жардам берген сыяктуу кыйын мүнөттөрдө биз да бири-бирибизге жардам берүүбүз керек. Биздин тарыхыбыз жалпы жана биздин келечегибиз да сөзсүз жалпы болушу керек деп ойлойм. Мына ошондуктан кыргыз мамлекети соңку бир нече жылдан бери стратегиялык союздаш-Орусия менен тыгыз жакындашууда. Өтө жакынкы аралыкта кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерге кол коём, анткени биз ар дайым бирге болушубуз керек",- деди Атамбаев.

Бюсттун ачылышына Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв жана шаар тургундары катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: