super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Магомед Мусаев күмүш, Эламан Догдурбек уулу коло медаль тагынды

 
Эламан Догдурбек уулу
7-майда Катарда күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары Магомед Мусаев менен Эламан Догдурбек уулу кыргыз мамлекетинин эсебине кезектеги медалдарды алып келишти. Бул күнү кыргыз спортчулары жалпысынан 4 салмакта күчтөрүн сынашты. Алардын ичинен Адилет Маматаев (61 кг) жана Муслим Евлоев (74 кг) коло медаль үчүн беттештерин уттуруп жиберип, 5-орунду ээлеп калышты. 
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 97 килограмм салмакта Магомед Мусаев финалда ирандык Мохаммадхоссейн Аскари Мохаммадиан менен кез келди. Анда 6:3 эсеби катталып, ирандык балбан чемпион аталса, М.Мусаев күмүш тагынганга мажбур болду. Ошондой эле алгачкы беттешин уттуруп жиберген кыргыз балбаны Эламан Догдурбек уулу (70 килограмм салмакта) коло медаль үчүн кармашта атаандаштарын утуп, 3-орунду камсыздай алды. 
Кошумчалай кетсек, бул көрсөткүч менен кыргыз улуттук курамасынын эсебинде Азия биринчилигинде 5 медаль болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова (58 кг) менен Самат Надырбек уулу (57) күмүш медалдарды тагынышса, Айаал Лазарев алтын медалды багындырган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
08.05.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм да.
08.05.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар ийгилик сиздерге кобурак
08.05.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsy iygilik,urmattuu super info silerden suranych murun aitylgandai sport kanaly achylat degen ele eldi suiuntup oshol boiuncha keeniri maalymat alyp bere alasyzdarby kachandan bashtap koro alabyz murun iunda deshken anan internetten online arkyluu korso bolobu sebebi oto kop kyrgyzdar cher jakta kyrgyzstandyn kanaldaryn korushot kyzyguu menen menda kytaidan korom kyrgyz sportsmenderine jan tartyp bashka chet eldik kanaldardan kyrgyzdar jashtar uchunda bul kanal sportko chon salymyn koshot.
08.05.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, чындап эле спорт каналы жөнүндө маалымат чогултуп бербейсиздерби. Рахмат!
08.05.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot...kg, mamashov-emil, саламатсыздарбы!
Сунушуңарга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: