Эркин күрөш боюнча улуттук курам Азия чемпиондугунда командалык эсепте 3-орунду ээледи
Катар мамлекетинин Доха шаарында эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 8 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында командалык эсепте байге ээлери аныкталып, 7 салмакта күрөшкөн кыргыз мамлекетинин улуттук курамасы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбандарынын эсебинде 4 медаль бар. Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта алтын, Магомед Мусаев 97 килограмм салмакта күмүш, Самат Надырбек уулу 57 килограмм салмакта күмүш тагынышты. Ошондой эле Эламан Догдурбек уулу 70 килограмм салмакта коло медалды багындырды.
Командалык эсепте бул көрсөткүчтөр менен кыргыз мамлекетинин улуттук курамасы 54 упай топтоп, коло кубокко ээ болду. Алдынкы эки орунду Иран (68 упай) жана Япония курамалары багындырышты (60 упай).Мелдешке жалпысынан 22 мамлекеттен 221 спортчу катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Bors

08.05.2015. 11:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кубандыратко но бул эки жигит Магомед менее Айаал кыргыз жараны болбогону окундурот легионерлер болсо керек так айталбайм. Ушундай чон мелдештерге таза ошол мамлекетте туулуп оскон же болбосо ошол мамлекеттин жарандыгын чын дили менен алган адамдар катышса жакшы болмок. Бизде акыркы жылдары легионерлер коп чыгып атат кыргыз мамлекетинин атынан.
Shai

08.05.2015. 15:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Кыргызстандын атын таанытып жатабы болдуда.Биздин Кыргыз балбандары деле башка мамлекеттин атынан жургондор барго.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.