"Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу расмий аземи 9-майда өткөрүлөт
Эртең, 9-май күнү саат 9:00дө Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында алгач Бишкектеги "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу расмий аземи өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан 8-майда билдиришти.
Аземге мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары, президенттик аппараттын, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары катышышат.
Аземден кийин катышуучулар "Ала-Тоо" аянтындагы аскердик парадга катышуу үчүн жөнөшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.