super.kg logo

Бишкекте "Аскер энциклопедиясынын" 5 томдугу чыгарылып, бир даанасы Владимир Путинге жиберилди

 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Аскер энциклопедиясынын” 5 томдугу чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда маалымат жыйынында китептердин түзүүчүсү, Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Аттокур Жапанов билдирди. Анын айтымында, 5 томдукту түзүп, чыгарууга 10 жыл керектелген.

Мен бул томдуктарды түзгөнүмдүн себеби, кыргыз аскерлери билимдүү болсун дедим. Алар тарыхын билсин, анткени кыргыздар - улуу калк. Улуу ата-бабаларыбыздын кылган баатырдыктарын даңктайын деп 10 томдук “Аскер энциклопедиясын” түздүм. Бирок алардын азыр жарымы гана басылып чыкты. Нускасы азырынча болгону экиден, анын бир экземплярын президентибиз Алмазбек Атамбаев аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путинге берип жибердим. Кийин дагы каражат чогултуп 20 экземпляр чыгарсам деген ойлор бар. Калганын Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиянын Москва шаарындагы параддын сүрөттөрүн кошуп чыгарайын деп турам”,- деди профессор Жапанов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: