super.kg logo

Бишкекте Ленинград блокадачыларын эскерүү максатында митинг-реквием болуп өттү

 
Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы сейил багында Ленинград блокадачыларынын жана алардын бошотулушунун урматына арналган митинг-реквием өткөрдү. Иш-чарага блокадачылардын жакындары, согуш учурунда Ленинграддан кыргыз жерине эвакуацияланып келгендер, Орусиянын кыргыз мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери жана башкалар катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, митинг-реквием блокадачыларга атайын белектерди тапшыруу жана концерттик программа менен аяктады. Октябрь райондук администрациясы мыйзамда каралган төлөмдөрдөн тышкары, майрамдын урматына бардык согуштун катышуучуларына, оорукта иштегендерге, согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1000 сомдон 5000 сомго чейин акчалай жардамдарды көрсөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: