Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы аскердик парад 9-майда саат 10:00дө өтөт
Ошондой эле парадга мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары, президенттик аппараттын, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык миссиялардын жана өкүлчүлүктөрдүн башчылары, чет өлкөлүк элчиликтердин аскердик атташелери, башка расмий адамдар жана аскер кызматкерлери катышышат.
"Аземден кийин расмий адамдар жана иш-чаранын катышуучулары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери салтка ылайык "Ала-Тоо" борбордук аянтында орнотулган талаа палаткаларында уюштурулган аскердик ашканага даам сызууга чакырылышат. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарынын эски аянтында да өткөрүлөт",- деп билдирет президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү.

