super.kg logo

Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине концерт тартууланды

 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайында концерттик программа болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 8-майда кабарлашкандай, ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, окуу жайдын сыймыктуу аксакалдары катышты. Аларга окуу жайдын жетекчиси Мурат Кыбраев тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, ардагерлерге баалуу белектер тапшырылды.

Окуу жайга конок катары чакырылган 99 жаштагы согуш ардагери Салымбай Акматов сөз сүйлөп, башынан өткөргөн таасирдүү окуялары менен бөлүшүп, жер жүзүндө ар дайым тынчтык өкүм сүрүшүн тилеп, жаштарды эли-жерин сүйүүгө чакырды. Бул куттуктоо сөздөрүнөн кийин салтанат залында окуучулар тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды. Иш-чарада аскердик ырлар ырдалып, окуу жайдын таланттуу окуучулары сахналаштырылган көрүнүштөрдү, ыр-бийлерди аткарышты. 

Концерттик программадан кийин ардагерлер үчүн сый-тамак уюштурулуп, дасторкон үстүндө маектешүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: