super.kg logo
  Саясат  

Наталья Никитенко ардагер, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Эл акыны, легендарлуу Панфилов дивизиясынын жоокери Сооронбай Жусуев менен жолугушту. Бул тууралуу 8-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Никитенко: “Мен ар жылы 9-майдын алдында согуш ардагерлерин канагаттануу менен куттуктаймын. Сиздердин согушта көрсөткөн эрдигиңиздер менен баатырдыгыңыздар, басып өткөн турмуштук жолуңуздар биз, келечек муун - бардыгыбыз үчүн каармандык менен мекенчилдиктин үлгүсү. Сиздердин баатырдыгыңыздар - атуулдуктун чоң мектеби. Биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз жана сиздерге ар дайым карыздарбыз. Мен сиздердин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын эле эмес, 80, 100 жылдыгын майрамдооңуздарга тилектешмин”,- деди Никитенко.

Сооронбай Жусуев жыл ичиндеги майрамдардын ичинен эң маанилүү жана эң сүйүктүүсү Жеңиш майрамы экендигин белгиледи. Фронтко кантип аттанганын, кайсы жерде согушкандыгы тууралуу окуяларды эскерип, “Панфилов дивизиясынын баскан жолу” аттуу китеби менен тааныштырды. 

Сооронбай Жусуев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 1943-1945-жылдары генерал Панфиловдун гвардиялык дивизиясында байланышчы болуп кызмат өтөгөн, эки ирет жаракат алган. Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, “Каармандыгы үчүн”, “Эмгектеги өзгөчөлүгү үчүн” жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: